Алайда ташкындаган катуу сел жүрдү

TurmushБүгүн, 12-июлда саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, 2 турак жайдын жер төлөлөрүнө, короо-сарайларына сел суулары кирген. Жабыркаган жарандар жок.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 кызматкер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөнөп кетти.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, Алай районундагы Гүлчө—Корул—Суук-Дөбө унаа жолунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп (8-чакырымы), жол жабылды. Жерине №959 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылууда.

Ошондой эле нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 74-76-чакырымдар аралында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралып, жол бир тараптуу болуп калган.

Пример HTML-страницы

Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️