Алайда селдин кесепеттерин жоюу үчүн 10 техника тартылды

TurmushОш облусунун Алай районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-май күнү саат 16:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Корул айыл аймагындагы 174 турак үйдүн короолорун суу каптап, анын ичинен 32 үйдүн жер төлөлөрүнө жана 1 ФАПтын короосуна суу кирген. Кооптуу деп табылган 2 турак үйдүн тургундары (22 жаран) туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Ошондой эле 4 ички чарбалык көпүрө селден жабыркап, жараксыз абалга келген жана 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Жошолу айыл аймагында 26 турак үйдүн короосун сел каптап, анын ичинен 1 турак үйдүн ичине сел суусу кирген. Гүлчө айыл аймагынын Курманжан Датка айылында 6 турак үйдүн короолорун сел каптап, сел өтүүчү канал сел калдыктарына толгон. Коңур-Дөбө айыл аймагындагы 5 турак үйдүн короосун сел каптап, анын ичинен 1 турак үйдүн ичине сел суусу кирген.

«Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин ыкчам тобу унаасы менен, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 18 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 150 адам, 2 трал, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 самосвал, №959 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 грейдер, 3 самосвал тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️