Алайда милиция кызматкерлери ата-энеси миграцияга кеткен өспүрүмдөрдөн кабар алды

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 13-15-ноябрь күндөрү Алайда райондук ички иштер бөлүмү тарабынан оор турмуштук кырдаалга кабылган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында «Камкор» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ата-энеси миграцияга кетип, жакындарынын карамагында калган балдардын социалдык абалынан кабар алуу үчүн үймө-үй кыдырып, аныктап чыгышты.

Аталган өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун, ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында алардын жакындарына ата-энелик милдет тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Мындан сырткары эки балага демөөрчүлөр тарабынан кыш мезгилине ылайыктуу кийим-кече тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️