Пример HTML-страницы

Алайда көчмө клиника заманбап медициналык жабдуулар менен элге кызмат көрсөтө баштады

TurmushОш облусунун Алай районуна мобилдик көчмө клиника келип, калкка медициналык жардам көрсөтүүдө. Заманбап медициналык аппаратуралар, жабдуулар менен Алай жергесине келген дарыгерлер диагностикалык жана консультациялык иштерди жүргүзөт, деп билдирет аймактык кабарчы.

Буга чейин аталган мобилдик клиника Кыргызстандын Ноокат, Түп, Тоң райондорунда жана Кемин шаарында болуп, элди медициналык жактан тейлеген.

Үч айга чейинки убакытта Алай районунун бардык аймактарында жайгашкан калкты белгиленген мөөнөттүн негизинде тейлөөгө алат. Мында офтальмолог, кардиолог, тиш дарыгерлери, лор, хирург, эндоскопия, мамалог, рентген аппараты, УЗИ, КТ тамография, лаборатория кызматтары бар. Мындан сырткары көздөгү катаракта дартын дарылоочу операция жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE