Алайда Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара райондун борборундагы Жеңиш паркында уюштурулду. Ага район акими Чыңгыз Бапаев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев, коргоо министринин орун басары — Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Алай райондук филиалынын төрагасы Акыл Нышанов, Алай районундагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Асилбек Раимкулов катышты.

Андан кийин Парманас атындагы орто мектепте майрам ээлерине арналган концерттик программа жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган иш-чара өттү. Активдүү катышкандар ардак грамота менен сыйланышты.

Иш-чаранын акыркы бөлүгүндө Баткен окуясынын катышуучуларына Алай райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук аскер комиссариатынын, райондогу аскер бөлүктүн жана министрликтин ардак грамоталары, медалдары тапшырылды. Майрам ээлерине сый тамак уюштурулду.

Бул коогалаңга Алай районундагы аскер бөлүктөн кошулгандарды кошо эсептегенде 500дөн ашык адам катышкан.

Пример HTML-страницы

Алай районунан коогалаңга аттангандар Чон-Алай багытындагы Тажикстан менен чектешкен «Алтын мазар» метеостанциясы, Абрамов мөңгүсү, Кызыл-Бел, Кызыл-Кол, Кароол-Дөбө жана башка аймактарда болуп, өз милдетин аткарган.

Баткен окуясында курман болгондордун эрдигин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо, ошондой эле аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу максатында 26-октябрь — 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү деп белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️