Алайда 6 жаштагы баланын сөөгү суудан табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда 6 жаштагы баланын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин куткаруучулары тарабынан саат 11:05де 2018-жылы туулган Н.А. аттуу жаш баланын сөөгү Мурдаш суусунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

4-июль күнү саат 21:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусуна «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада 1 жаш бала менен айдоочусу (эркек киши) болгон. Жергиликтүү тургундар айдоочуну куткарып калышкан.

Ал эми баланы издөөгө 5-июль күнү ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 195 адам тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️