Пример HTML-страницы

«Алай таза суунун» башчысы мурунку жана азыркы жетекчилер менен улакчыларды сотко берүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында ашар ыкмасы менен башталган таза суу тартуу иштери нааразычылык жаратты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоголок Молдо (азыркы Кара-Ой) айылында таза суу тартыштыгынан улам жергиликтүү жашоочулар агын суулардан жана айыл сыртындагы булактардан суу ташып ичип келишкен.

Айылдагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 2022-жылы элдик марафондор өткөрүлүп, андан сырткары ар бир түтүн 10 миң сомдон чогултуп, Чоң-Боор-Албас чөлкөмүндөгү Ичке-Булактан айылдын башындагы суу топтолуучу жайга, бери дегенде 10 чакырым аралыктан таза суу алып келүү иши ашар ыкмасы менен башталган. Бирок каражаттын жетишсиздигинен бул долбоор аягына чейин чыкпай, жаан-жааган учурда айылга ылай аралаш суу келүүдө.

Ошол кездеги айылдык кеңештин төрагасы Бекназар Абдыласовдун айтымында, таза суу тартуу үчүн «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүлгөн. Долбоордун жалпы наркы 7 млн сомду түзгөн.

«2022-жылы айылдык кеңешинин төрагасы болуп турган учурда айылдын жашоочулары, ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров менен биргеликте ашар жолу менен айылга таза суу тартуу иштерин баштаганбыз. «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаков менен келишим түзүлгөн. Бул долбоордун жалпы наркы 7 млн сомду түзүп, ал үчүн элдик марафон уюштуруп, элден 3 млн 800 миң сом акча чогулган. Чогулган 3 млн 800 миң сомду аталган коомго которуп бергенбиз. Ошентип, 2022-жылы май айында иш башталган. «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коому таза тартуу, суу түтүктөрүн орнотуу жана суу топтоочу жайды оңдоо иштерин, ал эми айыл өкмөт суу түтүктөрү жайгаша турчу жерди казуу жана көмүү иштерин мойнуна алган. Акча каражатыбыз жетишпегендиктен, 2022-жылы сентябрь айында айыл аксакалы Алишер Казиев экөөбүз Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жардам сурап кайрылганыбызда, ал киши 2 млн сом акча чечип берем деген. Бирок, чечип бере алган жок. Дегеле, жергиликтүү бийлик тарабынан бир дагы колдоо көрсөтүлгөн жок. Ошентип, суу түтүктөрүн жайгаштырууга жер казылып бүтүп, «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коому өңү кара суу түтүктөрүн алып келген. Бирок, эл: «Бул таза суу түтүгү эмес» деп чырдаганда кайрадан алып кетип, көк өңдөгү түтүктөрдү алып келип жайгаштырган. Түтүктөрдү көмүү иштери айыл өкмөттүн мойнунда болчу. Мен 200 миң сомго карыз болуп, техника жалдап, алымдын жетишинче көмдүргөм. Бирок, суу түтүктөрү жабышып, жамгыр жааган учурда ылай суу кошо келип калган. Муну көргөн эл: «Ылай суу үчүн акча чогултуп бермек белек» дешип, калган акчаны чогултпай коюшкан. Бүгүнкү күндө «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаков 4 млн 200 миң сомду «тууму менен кошо төлөйсүңөр» деп бизди сотко берүүдө. Элден акча чогулбай жатканынан өзүмдүн абалы эски «Ауди» үлгүсүндөгү унаамды, ага кошуп 1 баш торпогумду сатып дагы акча бердим. Ошентип, таза суу тартуу иштери толук аягына чыкпай, 200дөй түтүн эл акчасын бербей же жергиликтүү бийлик тарабынан жардам болбой, ортодо биз кыйналып жүрөбүз», — деди Б.Абдыласов.

Ал эми «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Муса Жаназаков 7 млн 13 миң 920 сомдун жумушун аткарып бергендигин айтты.

«Мунун ичинде 9 чакырым 50 метр аралыкка суу түтүктөрүн алып келүү, орнотуу, суу топтолуучу жайды оңдоо иштери бар болчу. Бул иштерди аткарып бердим. Жерди казуу жана көмүү иштерин өздөрү аткармак. Суу түтүктөрү орнотулуп, суу топтоочу жай курулгандан кийин келишим түзүлгөн. Келишимде алар мага 7 млн 200 миң сом төлөп беребиз дешкен. Алар мага болгону 3 млн 4 миң 700 сом акча которуп, 4 млн 9 миң 220 сомум калган. Келишимде 2023-жылдын 4-сентябрынан 0,1 пайыз туум төлөшмөк. Бүгүнкү күндө алар мага 6 млн 669 миң 791 сом карыз. Жаңы келген айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев мени чакыртып: «Каптажды жасап берсең, калган акчаңды элден чогултуп берем» деген. Мен 400 миң сомдук ишти аткарып бергем. Бирок, ал: «300 миң сом беребиз, башка акча жок» деп койгон. Мен суу топтоочу жайды Нарын таза суу мекемесинин айтканындай жасагам. Алар: «суу топтоочу жайды ай сайын тазалашсын» деген, бирок тазалоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал эми «ылай суу чыгып калды» деген сөздөрү жөн эле шылтоо. Өздөрү көрсөтүп берген жерден баштап суу тартып бергем. Быйыл «1 млн 700 сом берели, сотко бергенди токтот» деп айтты.

Мындан тышкары, өткөн жылы эл өкүлү келип, таза сууңарга деп 500 миң сом бериптир. Ал акчадан деле дайын жок. Ортодон суу топтоочу жайды оңдоого деп мен Бекке (ред. Бекназар Абдыласов) акча таштап кетем. Ал жерди оңдоого айылдын улакчы жигиттери иштейт. Улакчыларды эл: «Силер кымбат иштеп жатасыңар, иштебейсиңер» деп жолотпой коюшса, улакчылар Бекке «сен бизди коргобой койдуң» деп, элден акча чогултууга бут тосушкан. Ошондуктан улам мурунку айылдык кеңештин төрагасы Бекназар Абдыласов, мурунку өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров, азыркы айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана улакчы балдардын үстүнөн сотко кайрылып жатам», — деди М.Жаназаков.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев эл өкүлү берген 500 миң сомго суу түтүктөрү алынганын айтты.

«Бул иш мен келе электе кыргызча башталган иш экен. Мындай иштерди баштардан мурун долбоордук документтерин даярдап, атайын эксперттердин көрсөтмөсү менен башталыш керек эле. Мен келген кезде бир канча чакырым аралыктагы суу түтүктөрү көмүлбөй жатыптыр. Аларды көмдүрттүм. Атайын адис алдыртып келип, жасалган жумуштарды бир сыйра каратып, чала жасалган жумуштарды кайрадан жасаттырдым. «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Муса Жаназаковго «туумду кошпоңуз, калган жасаган иштериңиздин акчасын чогултуп берейин» десем, ал киши: «туумду менен кошо бересиң, болбосо албайм» деп койду. Ал эми, өткөн жылы эл өкүлү келген учурда жергиликтүү жашоочулар таза суу түтүктөрүн алуу үчүн жардам сурап кайрылышкан. Ал киши мыйзамдын негизинде 500 миң сом чечип берген. Ал акчага таза суу түтүктөрүн алуу үчүн тендер жарыяланып, тендерде утуучу аныкталып, таза суу түтүктөрү алынып келинген. Таза суу түтүктөрү Кара-Ой айылында кампада сакталып турат. Сот иштери бүтсө, таза суу тартуу иштеринин калган жумуштарын жасайбыз», — деди А.Абдылдаев.

Аталган айылда 1970-жылдары таза суу тутуму курулган. Башкы суу топтолуучу жайы Бото-Аяр деген жерде болгон. Таза суу бир күндө 2-3 саат убакыт гана чыгып, андан кийин чыкпай калган. Таза суунун тартыштыгынан улам жашоочулар айыл четиндеги булактардан автоунаалар, ат-эшектер менен суу ташып ичүүгө аргасыз болуп келишкен. Бул көйгөй боюнча тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече кат-кайрылуулар жөнөтүлгөн менен натыйжа чыккан эмес. Айылда 3290 калк жашайт.

Юстиция министрлигинини маалыматына караганда, «Алай таза суу» жоопкерчилиги чектелген коому 04.11.2019-жылы каттоодон өткөн.

Жетекчиси Жаназаков: Муса Нуридинович.

Ишмердүүлүгү: Түтүктөрдү куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE