Turmush — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп Руслан Айтбаев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүн, 19-июлда жаңы жетекчини район активине Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов тааныштырды.
Куратор Ала-Бука району облустагы ири аймактардын бири экенин айтып, анда аткарылуучу жумуштар да арбын экендигинбелгиледи. Ошондой эле, коюлган тапшырмаларды так аткаруу менен райондун өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.
Буга чейин Ала-Бука районун Кайырбек Чаргынбаев жетектеп келген.
Айтбаев Руслан Маратович 1983-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Боконбаев айылында туулган.
Билими:
— 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн;
— 2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча квалификациясына ээ болгон;
— 2019-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
— 2008-2010-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигинин алдындагы мамлекеттик мүлк фондунун өнөр-жай объектилерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
— 2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын атаандаштык саясат башкармалыгынын өнөр-жай техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
— 2010-2013-жылдары Финансы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун күрөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, агро өнөр-жай комплекс гранттары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
— 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;
— 2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
— 2016-2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
— 2022-жылдын март-октябрь айларында Жогорку Кеңештин аппаратынын адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
— 2022-2024-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.