Пример HTML-страницы

Ала-Букадагы тургун 9-класста окуган кызы мектепке баратканда зордукталганын айтты. Милиция эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну 9-класста окуган кызы зордукталганын айтып чыкты.

Окуучу кыздын атасы М.М.нын айтымында, Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылында кызы мектепке бара жатканда айылдашы тарабынан зордуктоого кабылган. Окуя 2022-жылы 2-декабрда саат 07:30 чамасында болгон.

«Бул окуяга чейин кызым менен WhatsApp аркылуу таанышып, бойдок экенин айткан экен. Кызым «блоктоп» койсо, башка телефон менен жазып жүргөн. Бир жолу жолуккан экен. Экинчи жолу 2-декабрь күнү кызым биздин үйдөн бир көчө ылдый базар тараптагы туюк көчө тарапта бараткан жеринен колунан жетелеп кетип, зордоп койгон. «Эгер бирөөгө айтсаң, өлтүрүп кетем» деп бычак менен коркутуп коюптур. Кызым коркуп калгандыктан эч кимге айтпай жүрө берген. Ал 1997-жылы туулган, үй-бүлөлүү, бир баланын атасы экен. Кызымдын классташ кызы шектүүнүн тууганы болот. Бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин ага мас абалда окуяны айтып берет. Ал мектепте соцпедагог эжейине айтыптыр. Эжейи бизди чакырып айтты. Ошондон кийин кызым окуяны айтып берип, ыйлап жатат. Ал өлтүрүп кетет деп коркуп, корунуп жүрө берген. Мага толук айткан жок, чоң энесине баарын айтып берип ыйлаптыр. Биз 2023-жылы 7-февралда милицияга кайрылдык, апасы кызы зордуктоого кабылганы боюнча арыз жазды», — деди ал.

Ал ишти кароо солгун жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, милиция бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иш козгогон. Бирок ал Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иш козголушу керек деп эсептейт.

«Буга чейин бир жактоочу алдык, эми башка карап жатабыз. 157-беренени 154-беренеге өзгөртүү керек деп эсептейм. Кызымдын WhatsApp номуруна бычактын сүрөтүн жөнөтүп, коркутуптур. Кечээ каралып жаткан иш боюнча материал менен таанышып калдым. Кызым экөө кыз-жигит болуп жүргөндөй, кызым ошол жерге жолугушууга барган деген өнүттү беришиптир. Окуя өзгөрүлүп жатат. Кызым айтып берген окуя таптакыр башкача. Экспертиза дайындалган, ушуга да ишенбей, ойлонуп калдым. Шектүүнүн таанышы райондук прокуратурада иштейт. Балким ошол таасир берип жатабы деп да ойлойт экенсиң. Ар кандай ойлор келе берет экен», — деди ал.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 2-декабрь күнү саат 7:30 чамасында Ала-Бука районунун тургуну — 1997-жылы туулган А.Д. 2007-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашта болгон.

Бул факт Ала-Бука РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган тургуну А.Д. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE