Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолу кеңейтилип, 12 чакырымына асфальт төшөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushАла-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 12 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл соңуна чейин аталган жолдун 50 чакырымын бүтүрүү пландалып жатат.

«Буга чейин белгилүү болгондой, эки районду бириктирген унаа жолдун курулушу башталган. Анын сметалык баасы 4,5 млрд сом. Курулуш үчүн тендер жарыяланып, “Жагалмай” ЖЧКсы утуп алган. Ушул тапта унаа жолдун 3 тилкесинде — Жаңы-Базар, Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жумуштар жүрүп жатат.

Аталган жолдун кеңдиги 8 метр, айрым жерлери 5 метрди түзчү. Учурда 12 метрге чейин кеңейтүү жумуштары жүрүп, 12 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул 4-категориядагы жол болот. Куруучулар эң татаал делген Кара-Буура жана Чапчыма ашууларында иштеп жатышат. Быйыл жыл соңуна чейин 50 чакырым жолдун курулушун аяктоо планы бар», — дейт аким А.Сеңирбаев.

Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жолунун жалпы узундугу 179 чакырымды түзөт. 1-этабында 100 чакырымына, 2-этабында калган бөлүгүнө асфальт төшөлөт.

Пример HTML-страницы

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси катары Зайырбеков Рыскулбек Зайирбекович, түзүүчүсү катары Сарсеитов Зайырбек көрсөтүлгөн.

Кайра каттоодон 2020-жылдын 13-январында өткөн.

Негизги ишмердүүлүгү: шоссе жана автомагистралдарды куруу.

Буга чейин компания «Империя Групп» деп аталган. Зайырбек Сарсеитов жол оңдоо тармагында эмгектенген. Анын уулу Сарсейитов Исланбек Зайырбекович Жогорку Кеңештин депутаты (Кыргызстан» партиясынан), «Электр тармактары» ААКтын башкы директорунун орун басары болгон.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын берген маалыматына ылайык, аталган компания буга чейин Жалал-Абад шаарындагы негизги делген 7 көчөнү курган. Т. Байзаков проспекти, Манас, Курманбек, Пушкин, Бабкин, Д.Малашов, Б.Осмонов көчөлөрүнүн жана курортко алып барчу тротуардын курулушун да жүргүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️