Пример HTML-страницы

Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгы жана эмгек сиңирген мугалим Салийма Рысбаеванын 70 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 7-июнунда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эмгеги сиңирген мугалими, ф.и.к., доцент Салийма Рысбаеванын 70 жылдык мааракесине карата Ала-Бука районунда эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференциянын пленардык жыйыны Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясында чет өлкөдөн келген окумуштуулар, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында эмгектенген окумуштуу илимпоздор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочуларынын катышуусунда өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияны Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, пленардык жыйынды алып барды.

Пленардык жыйында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген окумуштуу илимпоздор, Өзбекстан, Казакстан Республикаларынан келген сыйлуу коноктор куттуктоо сөзүн айтып, докладдарын жасашты. Ага улай чет өлкөдө жүргөн кыргыз элчилери Өмүрбек Текебаев менен Аскар Бешимовдун видео тасма аркылуу Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата куттуктоосу көрсөтүлдү.

Илимий-практикалык конференцияга келип түшкөн докладдар Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин илим бөлүмү тарабынан каралып, бөлүнгөн сексияларда өз ишин улантты. Илимий-практикалык конференцияга жалпысынан 100дөн ашык доклад келип түшкөн.

Эл аралык конференцияга келген илимпоздор секциялык иштен кийин кайрадан пленардык жыйынга чогулуп, мыкты докладдар секция башчылары тарабынан белгиленип соңунда резалютция кабыл алышты.

Элет жергесинде өткөрүлгөн эл арлык илимий конференция жергиликтүү жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, билимдүү жаштардын көбөйүшүн максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE