Ала-Арчада жапайы коёндор көбөйдү (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЭс алуучулар быйылкы сезондо Ала-Арча капчыгайында коёндордун көп экенин белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын тургуну Руслан Гарифуллин узун кулактуу жаныбарлар менен жолуккандагы таасири менен бөлүштү.

«Коёндор бизден коркпостон жаныбыздан секирип жүрүштү. Быйыл чөп жакшы өстү, коёндор мындан пайдаланып жатышат. Алар тоодогу чөптөрдү жеп, кичине коркунучта болсо дароо эле жашынышат», — деди ал.

«Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган толай коёну табиятынан эң ыңгайсыз шарттарда жашоо үчүн жаратылгандай. Евразияда жашаган башка үч түр — ак коёнго, сур коёнго жана манчжур коёнуна караганда кичине. Денесинин узундугу 50 сантиметрден ашпайт, салмагы 2 килограммга чейин жетет. Шарты жакшы болсо, жылына үч жолу төлдөйт», — дейт экология боюнча адис Александр Сосновский.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️