Ала-Арчада курт-кумурскаларды суюктугу менен жок кылган «шайтандын тиши» табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайында Кыргызстандын жаратылышында сейрек кездешүүчү өзгөчө козу карын табылды.

«Капчыгайды аралап жүрүп, козу карынга окшош нерсени таап алдык. Козу карындын капкагына кыям же кан чачылгандай көрүндү. Бул эмне?», — деп корккон туристтер сурашты.

«Бул козу карын “Гиднеллум Пека” деп аталат. Өзгөчө түрү үчүн козу карын “каймак менен кулпунай”, “тиш ширеси”, “шайтандын тиши”, “кансыраган тиш”, “шайтан кирпи” деп да аталат. Козу карындар энциклопедиясында ал “Гиднеллум Пека” деп көрсөтүлгөн. Козу карын өзүнүн атын аны изилдеген америкалык миколог Чарльз Херсон Пектин (1833-1917) урматына алган.

Бул козу карын уулуу болбосо дагы аны жегенге болбойт. Козу карындын капкагынан кызыл суюктуктун тамчылары бөлүнүп чыгат. Анын тамчы капкагы козу карындын азык булагы катары кызмат кылат. Азыктануу үчүн бул козу карын топурактын ширелерин гана эмес, курт-кумурскаларды да колдоно алат. Козу карын аларды капкагында пайда болгон суюктук менен кармайт. Ага конгон курт-кумурскалар өлүп, козу карын андан ары өсүшү үчүн алардан азык алат.

Кыргызстанда бул козу карын өтө сейрек кездешет. Анткени ал негизинен Түндүк Американын жана Европанын ийне жалбырактуу токойлорунда өсөт», — деди адис-биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️