Пример HTML-страницы

Ала-Арча суу сактагычында 24 жаштагы жигит эл алдында жан берди (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАла-Арча суу сактагычында 24 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 2-июнь күнү катталган.

«Дем алыш күнү Калыс-Ордо конушу тараптагы Ала-Арча суу сактагычына эс алууга барганбыз. Ал жерде токой жана көл бар. Эл ижарага кайык алып, эс алышат.

Саат 17:30 чамасында ызы-чуу болуп, балдар кыйкырып калышты. Жарым саат өткөндөн кийин өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн унаасы келди. Чуркап барсак, 2000-жылы туулган бала сууга чөгүп кеткенин айтышты. Достору менен кайык алып, сууга секирип түшүп жатып чөгүп кеткен. Бала буту тырышып, “жардамга” деп кыйкырган экен.

Бир мүнөткө чукул сууга кирип-чыгып, жардам сураганда жээкте тургандар маани беришпептир. Достору жардам бергенге аракет кылышкан, бир алдары жетпей койгон. Сууга кирип кеткенде эле бир эркек киши артынан секириптир, бирок суунун тереңдиги 5 метр болгондуктан өзүнө дем жетпей, жээкке чыгып кетиптир. Кечки саат 21:30 үйгө кеткенбиз, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери таба алышкан эмес», — дешти күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE