Ала-Арча суу сактагычынан калкан тумшук табылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчылар Ала-Арча суу сактагычынан кара жыланды байкашты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, сойлоп жүрүүчүнү жакындан кароого аракет кылганда куйругунун учун айлантып, тиштеп алганга аракет кылган.

Биолог Ирина Стежко билдиргендей, бул жылан кадимки калкан тумшук.

«Аталган жылан капкара түскө ээ. Адатта бул сойлоочулар күрөң түскө ээ болушат. Калкан тумшуктун чоң башы, анын үстүн каптаган чоң калкандары бар. Ушундан улам аны аталышы келип чыккан. Коргонгондо ийри-буйру болуп, куйругун чаар жылан сымал жакшы айлантышат.

Күздүн жылуу күндөрүнөн пайдаланып, калкан тумшуктар күнгө жылынышат. Байкалбай басып, же жакындап калсаң, тиштеп же чагып алат. Чоңдор үчүн калкан тумшуктун чакканы өтө азаптуу. Ал эми кичинекей балдарды чагып алса, өлүмгө чейин алып келет», — дейт Ирина Стежко.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️