Пример HTML-страницы

Ал Америкада билим алмак болуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаластагы лицейдин 17 жаштагы бүтүрүүчүсү Байзак Карыпжанов быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдөн «алтын сертификат» алган окуучулардын бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Балыкчы шаарында чоңойгон. 4 жылдан бери Таластагы «Манас ата» лицейинде билим алып келет.

«226 балл алып, «алтын сертификатка» ээ болдум. Мен алдыңкы 50 окуучунун бири болом деп ойлогон эмесмин. Жыйынтыкты угуп, аябай сүйүнүп, үй-бүлөм менен бөлүштүм.

Мектепте тестирлөөгө даярдангам. Андан тышкары биологияга кызыгып, ушул предмет боюнча олимпиадаларга катышп жүргөм. 10-класста республикалык олимпиадада 1-орунга ээ болгом. 11-класста 5-орунду алдым.

Бул жылы университетке тапшыруу жана кошумча тестирлөөгө даярданам. Когнитивдик илим жана биоинженерия тармактары боюнча Америкада билим алсам дейм. Кыргызстанда бул тармактар өнүгө элек. Ошондуктан келечекте ал тармакты өнүктүргүм келет. Жетиштүү аракет кылса коюлган максаттарга жетүүгө болоруна ишенем», — деди ал.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.

Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган. Алар:

— Аминат Гордаева — Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

— Максат Оморов — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;

— Эльнура Эркинбекова — Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификат» алгандардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE