Пример HTML-страницы

Акыркы коңгуроодо «iPhone 15» жана 100 миң сом менен сыйланган Адинай кайсы окуу жайга тапшырарын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Шумкар-Уя уя айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Адинай Хаписова «Алтын тамга» аттестатын алды. Аймактык кабарчы алдыңкы окуучудан кабар алды.

Маалым болгондой, Адинай бул аттестатты Талас районунан жалгыз өзү алды. Алдыда хирург болуу үчүн медициналык академияга тапшырууну көздөп жатат.

«Алтын тамга» алышыма ата-энем аябай жакшы колдоо көрсөтүштү. Мени үй жумуштарынан бошотуп коюшкан эле. Бардык шартты түзүп беришкен, болгону окуш эле керек болду. Ар кандай курстарга да барып жүрдүм. Эже-агайларыма терең ыраазычылык билдирем. Алардын арты менен ушундай ийгиликтерге жетишип жатам. Өзгөчө мектеп директору Асыранов Эржан агайга чон рахмат. Мага мотивация берип, ар тараптан колдоо көрсөттү. Ошондой эле математика сабагынан берген Жолдошова Айтолкун эжеге аябай ыраазымын. Мени үйүмө чейин барып даярдануумду суранып жатты.

2023-жылы 1-сентябрда эле биздин класска Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев келип, мыкты окуучуларга сыйлыктар берилерин айтып кеткен эле. 25-майда ошол сыйлыктын ээси болдум. «Алтын тамгага» ээ болгонумду укканда эң биринчи эле ата-энеме айттым. Алар азыркыга чейин аябай сүйүнүп жатышат. Ата-энеме дагы, эже- агайларыма дагы сонун сыйлыктарды тапшырышты. Мага «iPhone 15», ата-энеме 100 миң сом, мугалимдериме Дубайга жолдомо, мектеп үчүн унаа тапшырылды.

«Алтын тамгага» февраль айынан баштап катуу даярдыкты баштадым. Курстарга барып жаттым. Интернеттен видео сабактарды көрүп, көп нерселерди кайталап чыктым. Өзгөчө тестке жакын калганда түнү боюу уктабай даярданган күндөр болду.

Медицина тармагына кызыгам. Азыркы учурда Кыргызстанда көптөгөн операциялар жасалбайт жана бейтаптардын чет жакка чыгуусуна туура келет. Ошондой операциялар өз жерибизде жасалуусун каалайм», — деди ал.

Адинай үй-бүлөдө 4 бир тууган.

  • Быйыл Талас облусунда 11-классты 2672 окуучу аяктап жатат. Талас облусу боюнча 8 окуучу «Алтын тамгага» ээ болду.

Буга чейин Талас району боюнча «Алтын тамганы» Шумкар-Уя айыл аймагындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Адинай Хаписова алганы кабарланган. 25-майдагы акыркы коңгуроо аземинде ага айыл өкмөттүн атынан «iPhone 15» үлгүсүндөгү телефон, анын ата-энесине 100 миң сом, мектеп жетекчиси менен класс жетекчисине эс алууга Дубайга жолдомо, мектепке «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобус тапшырылган.

  • Буга чейин 2023-жылы айыл аймактагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алса, ал мектепке автоунаа берилери айтылган.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү — Талас районундагы дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн бири. Айыл аймакта Жер-Үй алтын кени жайгашкан. Айыл өкмөттүн 1 жылдык бюджети 230 млн сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE