Акылбек Жапаров селден кийин кыйраган Оштогу борбордук базарга келди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 15-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы борбордук базарга келип, соодагерлер менен жолугушту.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, соодагерлер товарлардын 100 пайызын сел агызып кеткенин айтышты.

Акылбек Жапаровдун айтымында, базардын ордунда жол болушу керек болчу, жолдун ордуна базар курулуп калган. Ал аймакты тик учак менен кыдырды. Дарыянын үстүнө майда көпүрөлөр курулуп, анын кесепетинен ага калдыктар тыгылып, суу базарды каптап жатканын белгиледи. Азыр Ак-Буура дарыясын тазалап, бетондоо керек. Бул ишти аткармайынча мындай көрүнүш жылда кайталана берет. Мындай сел 1993-жылы катталган, андан бери каттала элек болчу. Соодагерлерге жардам берилет. Эми комиссия иштеп, тактоо жүргүзөт.

Ал эми соодагерлер жашоочулар базар менен жан багып, насыя алып иштеп жатышканын айтышты. Алардын айтымында, базарды калыбына келтирүү керек. Базардын чатырын соодагерлер өздөрү жапкан.

Алардын бири Ак-Буура дарысындагы көпүрөлөрдүн баарын сел алып кеткенин айтып, убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады.

Пример HTML-страницы

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов комиссия иш алып бара турганын билдирди.

Акылбек Жапаров комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен соодагерлерге жардам бериле турганын айтып: «Бирок 100 миң сомдук чыгым болсо, 1 млн сом алам деп ойлобогула. Кырсык болгон жердин баарына жардам беребиз», — деди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Ак-Буура дарыясында суу азайып калганын, суу жабылып, жоголгон жарандарды издөө ишетери жүрүп жатканын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы президент аны атайын кимге кандай жардам керек экенин билүү үчүн жөнөткөнүн белгиледи.

Кечээ, 14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрдү. Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптады.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан эки көпүрөнү сел алып кетти.

Учурда борбордук базарда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарынын борбордук базарында жалпы соода багытында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаган.

Борбордук базар санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️