Пример HTML-страницы

Активист Гүлпери Жанышбек кызы үй камагына чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushОпузалап акча талап кылууга шектелип кармалган активист Гүлпери Жанышбек кызы үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 1-июлундагы токтомунун негизинде Ош ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) 1-бөлүгү менен шектелген Ж. к. Г.га карата бөгөт коюу чарасы катары 2024-жылдын 29-августуна чейин үй камак түрү тандалган.

Сот тарабынан Ж. к. Г.га карата бөгөт коюу чарасын тандоодо шектүүгө коюлган айып Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренесине (кылмышты классификациялоо) ылайык, анча оор эмес кылмыш болуп саналгандыгы, туруктуу жашаган жери эске алынган.

——————————————————-

Буга чейин Turmush активист Гүлпери Жанышбек кызы кармалганын жазган.

2024-жылдын 29-июнь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну С.И. арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу жаран (аял киши) акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну — 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып «социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырам» деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 000 сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE