Аксынын Жаңы-Жол айылында 126 млн сомго таза суу чыгарылган. Селден кийин суу берүү үзгүлтүккө учурады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында суу түтүктөр жарылып, суу чыпкалоочу жабдыктар иштебей калды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, таза суу долбоору ишке ашкандан кийин 6 ай гана таза суу берилди. Андан кийин суу түтүктөрү жарылып, быйыл февраль айында катуу жааган жаанда устундарды сел алып, зымдар үзүлгөн. Ошол убакыттан бери суу фильтирлөөчү жабдыктар иштебей жатат.

Жаңы-Жол айылына таза суу чыгаруу үчүн 2019-жылы долбоор башталып, 2022-жылдын күз мезгилинде бүткөн. Бул үчүн 126 миллион сом каралып, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) программасы аркылуу ишке ашкан. Тендерден үч компания утуп, таза суу чыгаруу иши жүргөн.

«Миллиондор чапчыган жерде эл суу иче элек. Суу фильтрлеген жери 6 ай иштегенден кийин иштебей калган. Эл суунун келгенине эле кубанып жатканбыз. Айылдын жогорку жактарындагы жашоочуларга суу жетпей калып жатты. Долбоор чийгендер бул жердеги абалды эске алып чийишсе болмок экен. Суу түтүк тарткан компанияларга айтсаң, алар долбоорго ылайык иш жасап жатышканын көрсөтүшөт. Таза суу долбоорун чийгендер жооп беришсин», — дейт тургандар.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы «Малкалды» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эсенжан Нарботоев Turmush басылмасына берген комментарийинде таза суу чыгаруу жумушун аткарган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Пример HTML-страницы

«Суу түтүктөр алмаштырыла турган болууда. Сууну фильтирлөөчү жабдыктар иштен чыккан эмес. Жаздагы селден улам устундар жабыркап, ток келбей, иштебей турат. Электр энергиясын тартуу жолго коюлса эле фильтирлөө иши колго алынат. Долбоор жасагандардын ондоп-түзөп берүү мөөнөтү бүтө элек. Мындан улам айрым жумуштары кайрадан колго алынат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️