Аксынын Үч-Коргон айыл аймагындагы маданият үйү 54 жылдан кийин оңдолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы маданият үйү 54 жылдан кийин реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган айыл аймактын башчысы Маматысак Жапаров билдирди.

Анын айтымында, маданият үйүнүн эскилиги жеткендиктен кыштын күнү маданий массалык иш-чараларды өткөргөндө кыйынчылык жаралчу.

«Айылыбызда маданият үйү курулуп, пайдаланууга берилгенден бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам биз 2023-жылы Финансы министрлигинин дем берүүчү грантына долбоор жазып, ал колдоо таап, планга киргизилген болчу. Быйыл каржыланып, жумуштар башталды. Капиталдык оңдоп-түздөөнүн сметалык баасы 2 млн 988 миң 40 сомду түзөт. Анын 1 млн 671 миң 208 сому гранттан каржыланса, калган 888 миң 440 сом айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары бөлүнүп берилген.

Курулуш үчүн тендер жарыяланып, «Данка Строй» ЖЧКсы 2 млн 559 миң 648 сомго утуп алган. Реконструкциялоонун жыйынтыгында имараттын эшик-терезелери, электр жабдуулары алмаштырылып, ички-сырткы фасаддары жаңыланат. Кошумча санузел, жылуулук системасы, кондицонерлер коюлат. Оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 1-сентябрына чейин толугу менен бүткөрүлөтт», — деди Жапаров.

О.Соурбаев атындагы маданият үйү 1970-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Сөз болуп жаткан маданий жайда 7 кызматкер эмгектенет.

Пример HTML-страницы

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Данка Строй» ЖЧКсы2023-жылы 10-мартта кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси — Мураталиев Нурбек Якуббекович. Компания 2023-жылы 10-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү – турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️