Пример HTML-страницы

Аксыдагы каттуу шамал 17 үйдүн чатырын учуруп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда каттуу шамал 17 үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, табийгат кырсыгы райондун Кербен шаарында жана Кош-Дөбө, Кара-Камыш айыл аймактарында орун алган.

«Ушул тапта кырсык орун алган аймактарда жерининде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ мониторинг жана божомолдоо департаменти адистери тактоо жумуштарын алып барышууда. Алдын ала маалымат бонча, 17 турак жайдын чатырын шамал учургандыгы аныкталган. Каттуу шамалдан жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келген эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканын кабарлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE