Аксыдагы электр зымдары улам күйүп, төбөсүнөн суу тамган аймактык оорукананын бөлүмү качан оңдолот?

TurmushАксыда 30 миңге чукул калкты тейлеген райондук оорукананын Авлетим бөлүмүнүн ашканасы 1960-жылдардан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Мындагы ашпозчулар бейтаптарга шарты катаал бөлмөлөрдө тамак жасап берүүгө аргасыз болууда. Аталган оорукананын кызматкерлери бир нече жолу жергиликтүү бийликке, эл аралык уюмдар, ал түгүл бейтапкананын жетекчилигине чейин кайрылганы менен майнап чыккан эмес. Аймактык кабарчы авариялык абалдагы имаратта иштеген кызматкерлерди кепке тартты.

Замира Момунова аталган Аксы райондук бейтапкананын Авлетим бөлүмүндө 14 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келет. Ал жумушундагы оош-кыйыштарды мындайча түшүндүрдү.

«Оорукананын четиндеги эски имаратта көп жылдардан бери ашпозчу болуп эмгектенем. Мында күн сайын таң эрте келип, электр мешке нан жаап, бейтаптардын эртең мененки тамагын даярдайм. Имарат 1960-жылдары курулган. Чатыры жараксыз болуп, жаан-чачындуу күндөрү шыптан суу тамчылап турат. Полдору да чирип, турган жеримен сыз өтөт. Тамакты электр мешке даярдагандыктан кээде ток тартылган зымдар күйүп, электрик бат-баттан оңдоп берет. Бирок качан өрт чыгат деп тынчсызданып турам. Эки көздүү плита бар. Ага тамак даярдайм. Кээде электр жарыгы өчүп же меш бузулуп калса, очокко тамак даярдоого тура келет. Эски 1 бөлмөдө эптеп тамак даярдайм», — дейт ашпозчу З.Момунова.

Сөз болуп жаткан оорукананын жетекчилиги да ашкананы оңдоо үчүн кайрылбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Аталган бейтапкананын башкы медайымы Айнура Мамытова буларга токтолду.

«Бул имарат 1960-жылдары эки бөлмөлүү болуп, тамеки сарайга курулган. Андан соң айылда 6-класска чейин билим берген мектептин бөлүмү катары пайдаланылды. Кийинчерээк бейтапкананын дарыларды сактоочу кампасы болуп иштеп, 2003-жылдан тарта ашкана катары пайдаланылды. Бирок ошол өткөн жылдар аралыгында бир да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Бул жайда тамак жасоо үчүн да санитардык талапка жооп бербейт. Имараттын жоктугунан улам ушул жерде иштөөгө аргасыз болуп жатат. Чындыгында имараттын ичи адам өмүрүнө кооптуу. Себеби, бул жер көчүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Айыл өкмөткө буга чейин бир нече жолу кайрылгам. Ушул ашкананын имаратын куруп бергиле деп эл аралык уюмдарга долбоор жазып көрдүм. Андан сырткары Аксы аймактык бейтапканасынын жетекчилигине да кайрылдым. Баары акча каражатына келип такалып жатат. Биздин жетекчилер ушул маселеге кайдыгер карабай, ашканы оңдоп же жаңы имарат куруп берсе, абдан жакшы болмок. Себеби бул жайда бейтаптардын тамак-ашы даярдалат», — деди башкы медайым.

Сөз болуп жаткан оорукананын Авлетим бөлүмү 13 койкадан турат. Анда төрөт бөлүмү, балдар жана терепия бөлүмдөрү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Пример HTML-страницы

Аталган жайда 3 дарыгер бар. Алар аймактагы 13 миңге чукул калктын саламаттыгына көз салат. Аталган айыл район борборунан 50 чакырым алыс аралыкта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️