Пример HTML-страницы

Аксыдагы дыйкандар чыгымга учурап жатат. Нурбек Дүйшөбаев бир «Портер» дарбызды 2500 сомго гана сатты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда бакча өсүмдүктөрүнүн баасы төмөндөп жатканы дыйкандарды убайымга салууда. Turmush басылмасынын кабарчысы аймактагы дыйкандардан кабар алып, базардагы баага кызыгып көрдү.

Райондун Үч-Коргон айыл аймагына караган Жыл-Кол айылынын тургуну Нурбек Дүйшөбаев быйыл 4 гектар аянтка дарбыз эккен. Ушул тапта ал түшүмүн сатып жаткан чагы. Анын айтымында, баа төмөндөп, айрым дыйкандар чыгымга учурады.

«Үч-Коргондун климаты жылуу келгендиктен жергиликтүүлөрдүн дээрлик баары талаага дарбыз-коон айдашат. Мен да дарбыз эгип, азыр 2 гектары бышып, кардар издеп жүргөн чагым. Аймакта дарбыз 10-15-июнда бышкан. «Дуга» деген ыкма менен эккен дыйкандардын түшүмү биринчилерден болуп бышып, алар дарбыздын 1 килограммы 35 сом болуп жаткан чакта сатып алышты. Ал эми дыйкандардын түшүмү жапырт бышып жетилгенде Ош, Бишкектеги дыйкан базарга коңшу Өзбекстандын дарбыздары чыгып, баа бат эле төмөндөп кетти. Ошол кезде мен да 1 гектардан ашык дарбызымды 1 килограммын 29 сомдон сатып, аз да болсо каражат таап алдым.

Ушул тапта Үч-Коргондо орто көлөмдөгү 1 «Портер» дарбыздын наркы 4 миң сомдон 15 миң сомго чейин болуп жатат. Бир «Портерге» 300 даанадан ашык дарбыз батат. Башканы айтпайын, жакында эле мен чоң көлөмдөгү дарбызды Бишкекке жөнөтүп, орто көлөмдөгү 300дөн ашык дарбыз үчүн «Портер» жалдап, айылдагы дыйкан базарга алып чыгып, 2500 сомго сатып келдим. Бул баа менин мээнетимди актамак тургай, чыгымга учуратты. Тактап айтканда, 300 дарбызды үзүп, жүктөш үчүн кеминде 3 жардамчы жалдайм. Аларга кеминде ар бирине 400 сомдон акы төлөйм. Ал эми «Портер» унаасын талаадан базарга 2500 сомго жалдайм, базарга кириш үчүн 80 сом акы берем. Кечке кардар күтүп, сатылбай турганда Баткенден келген кардарлар ар кайсы шылтоону айтып жатып, 2500 сомго 300 даана дарбызды сатып алып кетишти. Ушинтип чыгымга учурасак, кантип биздин мээнет акталат? Жерге жан киргенден баштап кыбыраган дыйкандын мээнети акталбай эле ортодогу алып сатарлар байып жатат.

Мындан 1-2 апта мурун дарбызга аларман жок болуп, аны үзүп, базарга алып чыгып алган дыйкандар дарбыздарын таштандыга таштап жатышты. Биздин маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, Айыл чарба министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россияга экспорттолору айтылды. Чындыгында ошол учурда бизнесмендер келип, дарбыз Россияга жөнөтүлдү. Бирок ушул маселени министрлик Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүп, туруктуу экспортту жолго коюп бергенде көпчүлүктүн мээнети акталмак. Ушул тапта бышып калган 2 гектар дарбызымды үзүп, фурага 3 сом 20 тыйындан акы төлөп, Бишкектеги дыйкан базарга алып барууну пландап жатам», — деди Дүйшөбаев.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Таалай Саматовдун айтымында, акыркы аптада Аксыдан Россияга 100 тоннадан ашык дарбыз экспорттолду. Дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, түшүм жыйналып жатат.

«Быйылкы жылы биздин райондо бакча өсүмдүктөрүнүн аянты да, түшүмү да өстү. Тагырагы, быйыл 2242 гектар жерге коон-дарбыз айдалса, анын 2100 гектарынан ашыгы дал ушул Үч-Коргон айыл аймагына туура келет. Калган 100 гектардан ашык аянт райондун Жаңы-Жол жана Кош-Дөбө айылдарында. Чынында эле үч-коргондук дыйкандардын түшүмү бышкан маалда чет жактан дарбыз-коондун келиши баага түздөн-түз таасирин берди. Анан калса сырттан аларман жок, дарбыз өтпөй туруп калып да баа төмөндөдү.

Министрликтин сүйлөшүүсүнөн кийин облус аймагына Россия Федерациясына дарбыз экспорттоо үчүн ишкерлер келишти. Өткөн аптада Үч-Коргондон 25 тоннадан 4 фура дарбыз экспорттодук. Азыркы тапта дагы 2 фура дарбыз экспорт үчүн даярдалууда. Негизинен бакча өсүмдүктөрү Москва, Тула жана Санкт-Петербург шаарларына жөнөтүлүүдө», — деди Саматов.

Мындан сырткары ал мурдагы жылы да аймакта аларман жок болуп, дарбыздын наркы төмөндөп, дыйкандарды убайымга салганын кошумчалады.

Үч-коргондук дыйкандардын эсебинде 1 гектарга дарбызды эгип, өстүрүү үчүн 200-300 миң сомго чейин каражат сарпташат. Ал эми ушул эле аянттан орто эсеп менен 40-50 тонна түшүм жыйнаса болот.

—————————————————-

2024-жылдын 24-июнунда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Замирбек Мамасадыков Жалал-Абад облусундагы дыйкандар дарбыз менен коондорун сата албай жатканын билдирген.

Анын айтымында, бул көйгөйгө чет жерден келген мөмө-жемиштер себеп болууда.

«Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынан, Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынан дыйкандар кайрылышты. Алар президентке, Камчыбек Ташиевге, айыл чарба министрине жана жалпы депутаттарга кайрылуу жасашты.

Үч-Коргон айыл аймагында дарбыз, коон жүктөлгөн 150-200 унаа турат. Кардар жок, баа түшүп кетти. Ошол эле Бүргөндү-Достук айыл аймагында эгиндер сатылбай турат. Ошко, Бишкекке Түркмөнстан, Өзбекстандан дарбыз, коон жана башка мөмө-жемиштерди алып келип жатышат.

2022-жылы Аксы, Ноокен райондорунун дыйкандары Бишкек—Ош жолуна нааразычылыкка чыгышкан. Ошондо Айыл чарба министрлиги менен бирге дарбыз, коондорду текшергенде химиялык кошулмалар көп чыгып, 12 унаа Өзбекстанга кайтарылган.

Бүгүнкү күндө биз Түркмөнстан, Өзбекстан менен мөмө-жемишти арзан сатуу, эгиндерди арзан бышыруу боюнча атаандаш боло албайбыз. Аларда техника газ, арзан күйүүчү май менен камсыздалат. Сапаты боюнча иш алып барыш керек. Бишкекке «Сары-Өзөнгө» келгенде шарт жок дейт. Мэрия көчөлөрдө сатылбасын деп тыюу салат. Байкуш дыйкандар каякка барат? Аларга мөмө-жемишти сатууга жардам бериш керек», — дегене депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE