Аксыдагы айылдын маданият үйү 54 жылдан кийин оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы 400 орундуу маданият үйү 2,5 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган айыл аймактын башчысы Маматысак Жапаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин маданият үйүнүн эскилиги жеткендиктен кыштын күнү маданий массалык иш-чараларды өткөргөндө кыйынчылык жаралчу.

«Айылыбызда маданият үйү курулуп, пайдаланууга берилгенден бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам 2023-жылы Финансы министрлигинин дем берүүчү грантына долбоор жазып, ал колдоо таап, планга киргизилген болчу. 54 жылдан кийин каржыланып, жумуштар башталды. Капиталдык оңдоп-түздөөнүн сметалык баасы 2 млн 988 миң 40 сомду түзөт. Анын 1 млн 671 миң 208 сому гранттан каржыланса, калган 888 миң 440 сом айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары бөлүнүп берилген.

Курулуш үчүн тендер жарыяланып, «Данка Строй» ЖЧКсы 2 млн 559 миң 648 сомго утуп алган. Реконструкциялоонун жыйынтыгында имараттын эшик-терезелери, электр жабдуулары алмаштырылып, ички-сырткы фасаддары жаңыланды. Кошумча санузел, жылуулук системасы, кондицонерлер коюлду», — деди Жапаров.

О.Соурбаев атындагы маданият үйү 1970-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Анда 7 кызматкер эмгектенет.

Пример HTML-страницы

«Данка Строй» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси Мураталиев Нурбек Якуббекович. 2023-жылы 10-мартта кайра каттоодон өткөн ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️