Аксыдагы айылдарда 3 мөңгү жасашты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагында 3 жасалма мөңгү бар.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу Turmush басылмасына билдиргендей, кокту-колоттогу булактарды кайрадан жандандыруу, экосистеманы жакшыртуу, кургакчылыктан сактоо багытында долбоорлор аркылуу жасалма мөңгү жасоо иши колго алынды.

«Биринчи жолу 2022-жылы пилоттук негизде Кара-Дөбө айылына мөңгү жасалган болчу. Ал мөңгү 2023-жылдын 1-июнуна чейин турду. Айланасындагы булактардан суу чыгып, эң сонун жашылданды. 2023-жылы Өлөң-Булак айылында, Төгөрөк-Сай тилкесинде эки мөңгү жасалды. Учурда бизде 3 мөңгү бар. Мунун баары кургакчылыкты алдын алуу болуп жатат», — деди айыл өкмөт башчы.

Ал быйылкы жылы кыш жылуу болуп жаткандын жасалма мөңгүлөр былтыркыдай калың тоңбогонун кошумчалады.

  • Кашка-Суу айыл аймагында калктын саны 10 миң адамдан ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️