Аксыда курулушу 15 жылга созулган спорт зал пайдаланууга берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Нарын айылында курулушу 15 жыл мурун башталган спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Маматысак Жапаров билдирди.

Анын айтымында, курулуш үчүн республикалык бюджеттен 17 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

«Имараттын каркасы 2009-жылы демөөрчүлөр тарабынан алынып берилген. Бирок ошол боюнча каражат жетишсиздигинен калып калган. 2021-жылы сөз болуп жаткан имаратты куруу айыл жаштары тарабынан демилгеленип, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен каржылоо тууралуу сунуш киргизилген.

2023-жылы Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржылоо болуп, тендерден «Данка Строй» курулуш компаниясы 17 млн 221 миң 288 сомго утуп алган. Курулуш бүткөрүлүп, спорт зал пайдаланууга берилди. Буга чейин айыл жаштары айылдагы башка имараттарда машыгып келишчү», — деди Жапаров.

Үч-Коргон айыл аймагында 28 миңден ашык калк жашайт.

Пример HTML-страницы

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Данка Строй» жоокерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Мураталиев Нурбек Якуббекович. Компания 2023-жылы 10-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Буга чейин Turmush Үч-Коргон айыл аймагында 15 жыл мурда курулушу башталган спорт зал курулуп бүткөнүн жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️