Пример HTML-страницы

Аксыда «Infiniti» унаасы кыргыз-өзбек чек арасынын тосмосун бузуп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда жеңил унаа кыргыз-өзбек чек арасынын тосмосун бузуп кетти.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 22-майда Үч-Коргон ГЭС—Кербен унаа жолунун 23-чакырымында, тактап айтканда Кош-Дөбө айыл аймагындагы тилкесинде болду. «Infiniti» үлгүсүндөгү унаада 3 адам бара жаткан.

«Биз Кербен шаарынан Үч-Коргонду көздөй бара жатканбыз. Кош-Дөбө айыл аймагынан чыга бергендеги кыргыз-өзбек чек арасынын зымы тартылган жерде унаанын айдоочусу уктап кетип, зымды бузуп кирип, нейтралдуу аймакта туруптур. Окуя болгон жерге күч түзүмдөрү жана эки өлкөнүн чек арачылары келип, унааны атайын кран менен жол тарапка алып чыгышты. Эч ким жаракат алган жок», — деди күбөлөр.

Азырынча тиешелүү органдар расмий маалымат бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE