Аксыда дарыянын суусу көбөйүп, 56 үйдүн тургундары эвакуацияланууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-июлда саат 15:30 чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагында катуу жамгырдан улам үйлөрдү сел каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суулар ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 үйдү суу каптоо коркунучу жаралган. Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Жарандык коргоо кызматтары тартылып Ири-Булуң жана Кара-Суу айылында жайгашкан 56 үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоо иштерин жүргүзүштү.

Мындан сырткары жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын оор инженердик техникасы тартуу менен дарыядагы топтолгон суунун ачуу аракеттерин көрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️