Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 600дөн ашык адам акысыз медициналык кароодон өтүштү. «Дени сак эл» ассоциациясынын дарыгерлери жашоочуларды текшерди.
Ассоциациянын дарыгерлери 5 жылдан бери ыктыярдуу түрдө калк саламаттыгына көз салып, өлкөнүн түштүк аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Анын жетекчиси Максатбек Жумабаев буларга токтолду.
«Негизи биздин ассоциация 5 жыл мурда түзүлгөн. Мында жалаң дарыгерлер чогулуп, өз каражатыбызга алыскы, шарты катаал аймактарды кыдырып, калктын саламаттыгына кам көрүп, акысыз медициналык кароодон өткөрүп келебиз. Көпчүлүк аймактарда дарыгерлер, тажрыйбалуу адистер жетишсиз. Анан калса айыл эли убара болбой, айылына келген дарыгердин көзөмөлүнөн акысыз өтүп, өз ооруларын билип, илдетти өтүштүрбөй дарылоого шарт түзүлөт. Буга чейин өлкөнүн түштүк аймагындагы бардык район-шаарларды кыдырып келдик. Биздин ыктыярдуу топто 150дөн ашык дасыккан дарыгер бар.
Аксы районунун Авлетим айыл аймагына барып, ал айыл аймакка жакын жашаган Жаңы-Жол, Ак-Жол жана Кызыл-Туу айыл аймактарынын калкын текшерүүдөн өткөрдүк. Биз менен бирге балдар дарыгери, инфекционист, гепатолог, гинеколог, акулист, лор, невролог, травматолог жана дерматолог адистери кошо келишти. Айыл жергесинде бул адистер жетишсиз болгондуктан текшерилүүгө келгендердин саны көп болду», — дейт ал.
Дарыгер Максатбек Жумабаев жетишкендиктер менен бирге чечилбей келе жаткан маселени да козгоп өттү.
«Биздин «Дени сак эл» ассоциациясынын ыктыярчы дарыгерлери Ош облусунан болгондуктан Баткен, Жалал-Абад облустарынын алыскы, шарты катаал аймактарын кыдырууга туура келет. Биз дарыгерлер Гипократтын антын ичкендиктен негизги милдет жардамга муктаж болуп турган бейтапка токтоосуз медициналык көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Ошондуктан дарыгерлердин башы бириккен. Алыскы аймакка барганда өзүбүз транспорт жалдайбыз. Жаныбызда ар кандай жабдууларыбызды кошо алып жүрөбүз. Ошол себептен Саламаттыкты сактоо министрлиги бизге атайын бир транспорт карап берсе абдан жакшы болмок. Алыскы аймактагы калктын саламаттыгына бул жактан көз салып турмакпыз. Мүмкүн биздин жасап жаткан иш аракеттерибизди көрүп, транспорт алып берүүгө демөөрчүлөр табылат», — деди дарыгер.
Акыркы мезгилде калк арасында гепатиттин В, С түрлөрүнө чалдыккан бейтаптардын саны артты. Буга илдеттин жугуу жолдору, анын кесепети эмнеге алып барары тууралуу маалыматтын жоктугу себеп болуп жатканын гепатолог дарыгер Жоомарт Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, текшерүү учурунда 2 кишиден гепатиттин В түрү чыкты.
«Акыркы учурда шаардын көчөлөрүндө, базарларда, чоң жолдордо «боор алмаштырабыз, каражат керек» деген жазууну кармап турган адамдарга көзүңүз түшпөй койбойт. Анын баары азыркы мезгилде адамдар арасында гепатитке чалдыккандардын санынын өскөнүнөн кабар берет. Гепатолог дарыгер катары мен да ыктыярчы болуп келип отурам. Аксы районунун Авлетим айылында да боору ооруп кайрылгандардын саны көп болуп жатат. Илдеттин кайсы түрүнө чалдыкканын билүү үчүн атайын экспресс-тест менен кандан анализ алып, 15 мүнөттө жыйынтыгын көрүп жатабыз. Негизи бул экспресс-тесттин баасы 700 сом, анын жардамы менен бир учурда 4 илдетти билүүгө болот. Тактап айтканда, гепатиттин В, С түрлөрү, СПИД жана сифилис деген ооруларга чалдыгып же чалдыкпаганын билүүгө болот.
Ал эми Авлетим айыл аймагында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 20 киши акысыз анализ тапшырышты. Анын баарын айыл өкмөттөгү социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тандап алдык. Биз текшерген 20 кишинин ичинен экөөнөн гепатит, дагы бир кишиден сифилис оорусу чыкты. Алардын баарына консультация берип, дарыгердин текшерүүсүнө жолдомо жазып бердик. Эгер илдет жаңы эле башталса, анын алдын алып, дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Негизи ден соолук үчүн кайдыгер карабаган жарандар биз менен байланышып, шарты катаал, дарыгерлер жетишсиз болгон аймакка чакырса, биз барып, калкты текшерүүдөн өткөрөбүз. Аны менен бирге экспресс-тект аркылуу анализ алуу үчүн демөөрчүлөр чыкса, калктын аярлуу катмары үчүн текшерилүү бир кыйла жеңилге турмак», — деди Ж.Сатыбалдиев.
Элет жериндеги жашоочуларды ак халатчандардын акысыз текшерип жатканы жакшы жышаан экенин айыл тургуну Саадат Момункулова белгиледи.
«Биздин айылдагы ооруканада көп дарыгерлер жетишпейт. Алсак, аялдар текшерүүдөн өтүү үчүн 30-40 чакырым жол басып, Кербендеги гинекологго барат. Андан сырткары аккулист, лор деген адистер да жок. Гепатологдун көзөмөлүнөн өтүү үчүн Ош же Бишкек шаарына баруу зарыл. Ал үчүн биринчиден акчаң, экинчиден убактың кетет. Ошол себептүү айылга келип, акысыз текшерип жатканы жакшы жаңылык болду. Азыр мен аккулист менен неврологдун кабылдамасына кирейин деп кезек күтүп турам», — деди ал.
Буга чейин ушундай текшерүү Базар-Коргон районунда болгон. «Дени сак эл» ассоциациясынын дарыгерлери кийинки текшерүү Баткен облусунун аймагында болорун айтышат.
- Саламаттыкты сактоо тармагындагы жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда облуста 219 дарыгер жетишсиз экени айтылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.