Аксыда өспүрүм кыз асынган абалда табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунда 12 жаштагы кыз асынган абалда табылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирди.

Маалым болгондой, окуя 15-июнь күнү райондун Үч-Коргон айыл аймагында болгон.

Маалыматты облустук милиция да ырастады. Расмий маалыматка караганда, 2024-жылдын 15-июнунда Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү саат 14:30 чамасында Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 12 жаштагы кыз өзү жашаган үйүнүн алдындагы өрүк дарагына мал байлоочу жип менен асынып каза болгондугун кабарлаган.

Аталган факт Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө каза болгон кыздын ата-энеси арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген.

2023-жылы Жалал-Абад облусунда суициддин 19 учуру катталган. Быйыл жыл башынан бери 6 киши өз жанын кыйган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️