Аксы районундагы сел үйлөрдү жана жолду каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-июль күнү саат 23:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Аксы районунун Кербен шаарында жаан жаап сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, суу шаардын Жеңижок көчөсүндө орнотулган түтүкчөгө суу батпай ашып, №6 жана №9 үйлөрдүн чарбагын каптаган. Бүгүн Кербен шаардык мэриясы тарабынан суу түтүкчөсүн алмаштыруу жумуштары жүргүзүлөт.

Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагында сел жүрүп Кара-Жыгач—Топ-Жаңгак унаа жолунун 2-3-чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп салган, Каттам жабылган. Үйлөр жабыркаган эмес. Куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Кара-Жыгач—Топ-Жаңгак унаа жолунун 2-3-чакырым аралыгы толугу менен тазланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️