Акматалиев менен Жолдошбеков Россиядагы мелдеште коло утту

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков Россиянын Саха Республикасында (Якутия) өткөн эл аралык мелдеште коло байге утушту. Турнир якутиялык машыктыруучу Дмитрий Коркиндин элесине арналып уюштурулду.

Мелдеш 19-20-октябрда өтүп, анда 10дон ашык өлкөнүн спортчулары күч сынашты.

Кыргызстандан бул турнирге 3 спортчу барды.

Акматалиев 70 кг салмакта күрөшүп, коло үчүн беттеште россиялык Олег Фоминди 8:6 эсебинде жеңди. 65 кг салмакта күч сынашкан Жолдошбеков үчүнчү орун үчүн кармашта россиялык Аслан Трофимовду 7:0 эсебинде утту.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Стамкул Жаныбек уулу (92 кг) байге ала алган жок.

Бул мелдеште алтын уткандарга 200 миң рубль, экинчи орунга 100 миң жана коло алгандарга 75 миң рублдан байге берилди.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️