Пример HTML-страницы

Акарт жайлоосундагы эс алуучулар тарткан видеого күтүлбөгөн кадрлар түшүп калды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы Акарт жайлоосунда эс алуучулар жапайы доңуздардын үйүрүнө жолугушту.

Алардын айтымында, доңуздарды 2024-жылдын 16-июнунда жолуктурушкан. Адамдарды көргөн жаныбарлар жашынууга аракет кылышкан.

Видеодо бир үй-бүлө (болжол менен 12-13 баш) шар аккан суудан кантип өткөнү тартылган. Анда доңуздар суудан өтүүгө үлгүрүп, торопойлору агып кетти. Кадрларда алардын айрымдары акыры каршы жээкке жеткенин көрүүгө болот.

Кийинчерээк сууга аккан бардык торопойлор жээкке чыкканы белгилүү болду.

Кадимки доңуз — жапайы чочко. Денесинин узундугу 2 метр, бийиктиги 1,2 метр, салмагы 300 килограммга жетет. Денеси кылчык жүн менен, кышкысын тыбыт менен капталат. Чоңунун өңү буурул, торопоюнун агыш жол-жол тагы бар. Каман Түндүк Африка, Европа жана Азия, Балтика бою, Белоруссия, Украина, Волга бою, Орто Азия, Казакстан жана башка жерлерде көбүнчө токойдо кездешет.

Кыргызстандын Сары-Челек, Арстанбап жана башка токойлуу жерлеринде да көп жолугат. Ал өсүмдүк тамыры, жапайы алма, алмурут, доңуз жаңгак, чөп, курт жана башка жейт. Үйүрү чакан, көбүнчө түнкүсүн оттойт. Ноябрь-январда күүлөп, март-май айында 3-4 торопой тууйт. Эти тамак-ашка, териси, жүнү өнөр жайда пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE