Пример HTML-страницы

Академик Советбек Байгазиевге «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, академик Советбек Байгазиевге Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен университеттин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Аталган сыйлыкты окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эмгеги сиңирген мугалими Салийма Рысбаеванын 70 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда тапшырды.

Советбек Байгазиев университеттин жетекчилигине, жалпы жамаатка ыраазычылыгын айтып, окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүнө жакындан жардам берүү аракетин көрөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE