Пример HTML-страницы

Ак-Татыр айыл аймагына куткаруучулар келип, тургундар эвакуацияланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда калыбына келтирүү иштерине 20 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 24-июнь күнү саат 14:40 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен сел өткөрүүчү сайларга сел суулары түшкөн. Анын кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 278-чакырымында убактылуу унаа каттамы үзгүлтүккө учурап, жерине ыкчам топ тартылды.

Натыйжада 2 турак үйдүн жертөлөсүн тазалоо жумуштары колго алынып, жалпы 20 куткаруучу, ал эми саат 21:59да Аэропорт тилкесинде жашаган жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн Самаркандек айылындагы №31 ӨККБдөн автобус, атайын техника тартылды.

———

Буга чейин Кадамжай районунун Исхак Полот хан айылында сел жүрүп, жүк ташуучу контейнерди агызып кеткендиги маалымдалган.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын маалыматына караганда, селдин кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков жолунун 130-чакырымы кыска убакытка жабылган.

Ошондой эле, Исхак Полот хан аймагында 5-6 унааны сел агызып кеткен. 5 жаштагы бала дагы жок болуп жатканы айтылууда.

—————

24-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң айылында, Калта-Арык жана Шоро тилкелеринде, Коргон—Катраң—Баул унаа жолунун 1-8-чакырымында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 316-320-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE