Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Жерге-Тал айылынын 10 жылдыктары айылга 147 миң сомдук белектерди тартуулашты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылынын 10 жылдыктары айылга 147 миң 500 сомдук белектерди тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында, Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 67 миң сомго боз үй, 22 миң сомго 250 литрлик 2 даана казан, 11 миң 500 сомго 80 литрлик титан самоор, 27 миң сомго мектепке смарт коңгуроосу, 20 миң сомго микроволновка алып беришти.

Мындан тышкары 220 миң сомго ата-энелерине Ташкентке саякаттоого жолдомо тартуулашты.

«Итикул Молдобаев атындагы орто мектебин 2014-жылы жалпы 14 окуучу бүткөн. Мунун ичинен 6 бала айылыбызга 147 миң сомдук белек тартуулашты», — деди А.Медетова.

————

Буга чейин Лейлек районунун Катраң айылында мектепти 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр каза болгон классташынын үй-бүлөсүнө үй куруп беришкен.

Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылындагы мектепке 20 жылдыктар жаңы даараткана салдырып беришкен.

Ош облусунун Ноокат районундагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр гимназиянын алдына асфальт төшөп беришти.

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине стела куруп беришти. Бүтүрүүчүлөрдү бири Талант Орозалиев стела курууга 174 миң 600 сом каражат кеткенин билдирди. 27 бүтүрүүчү буга чейин 10 жылдыкта мектепке эмеректерди белек кылышкан.

Райондун Кызыл-Эшме айылындагы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектебин 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрү жол боюна аялдама куруп беришти. Аялдама курууга 180 миң сомдой каражат сарпталды.

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылынын 10 жылдыктары 67 миң сомго боз үй, 22 миң сомго 250 литрлик 2 даана казан, 11 миң 500 сомго 80 литрлик титан самоор, 27 миң сомго мектепке смарт коңгуроосу, 20 миң сомго микроволновка алып беришти.

Чүй облусунун Кемин районундагы Аалы Токонбаев атындагы Кайыңды орто мектебин 10 жыл мурун бүтүргөн классташтар 3 мугалимге эс алууга жолдомо берип, айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө бирден торпок таратышкан.

Чүй районундагы Кегети айылынын Ө.Исаев атындагы орто мектебин он жыл мурун бүткөндөр айылга видеокамераларды орнотуп, «Коопсуз айыл» долбоорун ишке ашырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE