Ак-Талаанын тургуну жол тескөөчүлөргө автоунаа белек кылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө автоунаа белек кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин жүрүшүндө Баетов айылынын тургуну Адилет Жапаров Ак-Талаа райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө «Ауди С4» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды.

Ал өз сөзүндө Ак-Талаа районунда жол кырсыктары болбоосун ниет кылып, унаа белек кылгандыгын билдирди.

Анын атасы Сарыпбек Жапаровго ЖКККБнын ыраазычылык каты ыйгарылса, апасы Ырысбүбү Султангазиевага ардак грамота жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️