Ак-Талаанын тургуну ооруканадан эмнени көргөнүн айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун айрым жашоочулары райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратынын оңдоо иштери сапатсыз жүрүп жаткандыгын айтып, нааразы болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

12-январь күнү өткөн жыйында Баетов айылынын тургуну Калысбек Тиленбаев менен Майрамкүл Сакыева райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратынын 1-корпусунда курулуш иштери бүтпөй жаткандыгын билдиришти.

Калысбек Тиленбаев: «Биздин оорукананын имаратынын оңдоо иштерине 56 млн сом бөлүнүптүр. Оңдоо иштерине эл нааразы болууда. 56 млн сомго ушул оңдоо иштери татыктуубу же татыктуу эмеспи? Оңдоо иштери качан бүтүш керек эле, эмнеге кечеңдеп жатат?», — деди.

Майрамкүл Сакыева: «Оңдоо иштери талапка жооп бербейт. Бул жерде Дүйнөлүк банк каржылап жатат. Оңдоо иштерине элдин нааразы болгондугу чындык. Уй сарайды жасагандай жасап койдуңар. Биз текшерип барганда, силер: «Бул мамлекеттин акчасына жасалып жаткан жок, Дүйнөлүк банк каржылап жатат» деп эч кимибиздин киргизбей койгонсуңар. Аягы биздин кызматкерлерге, дарыгерлерге «минус» болуп жатат. Биз шарты катаал жерде жашаган элбиз. Бизге дарыгерлер жетишпейт. Келген дарыгерлер дагы жакшыраак жерде иштеш керек. Жашай турчу жерлери дагы жок. Плинтусту болсо болт менен бекитип коюптурсуңар. Уят да. Ал жер уй сарай эмес. Ак-Талаанын жүзү. Өлүм менен өмүр күрөшүп турган жер. Бүтүргүлө. Резетканы койканын астына койгон экенсиңер. Медайымдар койканын астында «сойлоп» жүрөт. Ооруканага жаткан жаш бала кокустан жөргөлөп барып, резеткага колун салса, эмне болот? Эмне ток уруп өлүш керекпи? Бул оюнчук эмес да. Тендерден утуп алып, жоопкерчилигин алдыңарбы. Анда сапаттуу жасагыла», — деди.

Жылуулук менен жабдылоо долбоорунун жетекчиси Урматбек Мидиновдун айтымында, ооруканада жылуулукту жакшыртуу жана сейсмологиялык туруктуулугун бекемдөө иштери жүрүүдө.

Пример HTML-страницы

«Алгач долбоор боюнча түшүндүрүп коёюн. Ак-Талаа району боюнча 3 мекеме сунушталган. 3 мекеменин ичинен оорукана тандалып алынган. Биздин долбоордун эң негизги максаты — жылуулукту жакшыртуу. Долбоор боюнча оорукананын 2 корпусу кирген. 2 корпустун жалпы көлөмү 3,5 миң чарчы метр. Долбоор боюнча 2 корпустун сейсмологиялык туруктуулугун бекемдөө. Анткени, бул имараттын курулганына 30 жылдан ашык убакыт болгон. Жер титирөөгө туруштук бергидей кылып бекемдөө керек. Биринчи, сейсмологиялык туруктуулугун жогорулаттык. Экинчиси, жылуулугун жакшыртуу. Бул жерде комплекстүү жумуш жасалат. Пайдубалын, дубалын, үстүн жылуулоо, жылуулук тутумун толугу менен жаңыртуу, электр тутумдарын толугу менен алмаштыруу болуп саналат. Анан жалпы жумуштун 15 пайызы гана оңдоо жумуштары жүргүзүлөт. Башкача айтканда, жылуулугун жакшыртуу жана сейсмологиялык туруктуулугун жогорулатуу иштеринде бузулган жерлерин гана кайра оңдоп берүү болуп саналат. Бул 2 объектинин тең бүткөрүү мөөнөтү бар. Мөөнөтү 31-январга чейин. Учурда 2-корпустагы жумуштардын 90 пайызы бүтүп калды. Туура, Сиздер айткан кемчиликтер 1-корпуста катталган. Биз курулуш иштерин комиссия менен карап чыктык. 21 пункттан турган кемчиликтер аныкталды. Алардын баарын оңдоп берет. Азыр объекти бүтө элек. Бүткөндөн кийин атайын түзүлгөн комиссия карап чыгат. Эгерде дагы кемчиликтер болсо жоопкерчиликти моюнга алган компания жасап берет. Андан кийин мамлекеттик кабыл алуу жүрөт. Кабыл алуудан кийин дагы 1 жылдык кепилдиги бар», — деди ал.

Жылуулук менен жабдылоо долбоорунун инженери Нурлан Ниязбеков: «Келишим боюнча «Шер курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, 2 корпусту чогуу оңдомок. Бирок, оорукана иштеп турушу керек. Анан бул жакта башка имарат жок болгондуктан, алгач 1-корпустагылар 2-корпуска көчүүгө туура келген. Жазга чейин 1-корпустун жумуштарын аяктап, 2-корпусту башташмак. Кышында иштей албай калышты. Андан кийин жумушчулар жок деп, дагы сүйрөлүп жүрүштү. Ошентип, жай дагы өтүп кетти. Биз «Шер курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна «1-корпусту бүтүргүлө, 2-корпусту жасабай эле койгула» деген сунуш киргиздик. Анын ордуна ооруканага керектүү медициналык аппараттарды алып берип коёлу дегенбиз. Бирок, оорукананын жетекчилиги, дарыгерлер «2-корпусту деле жасап бергиле, ушул боюнча калып калат, кийин биз каяктан акча таап жасатмак элек» дешти. Биз кайрадан «Шер Курулуш» менен «өзүңөр жасай албасаңар, анда жасай ала турчу башка компания тапкыла» деп сүйлөштүк. Алар, «КапиталБилдингЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомун субподрядчик катары таап беришти. Биз бул компания менен келишимди 30-декабрга чейин узартканбыз.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 1-корпусу 2000-жылдары, ал эми 2-корпусу 1986-жылдары курулган.

Имараттардын жылуулугун жакшыртуу, сейсмологиялык туруктуулугун жогорулатуу, каалга-терезелерин, таза суу жана саркынды суу тутумдарын жаңыртуу максатында АРИСке сунушталган долбоор жактырылып, андан 56 млн сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 650 миң сом ал эми өздүк салым катары бөлүнгөн.

Тендерден «Шер Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, оңдоо иштерин жүргүзүп келген. Оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу 1-корпуста жайгашкан бөлүмдөр 2-корпуска жана башка имараттарга көчүрүлгөн. Учурда 2-корпуста оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Шер Курулуш» ЖЧКсы 2006-жылы 28-мартта кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Шералиев Бакыт Салморбекович көрсөтүлгөн. Ишмердүүлүгү — бардык типтеги имараттарды жалпы тазалоо.

«КапиталБилдингЛТД» ЖЧКсы 2022-жылдын 1-сентябрында кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси: Сайрамбаев Досжан Шамшыкович. Ишмердүүлүгү: турак жай жана турак эмес жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️