Ак-Талаанын Тоголок Молдо айыл аймагынын спортчуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-октябрь күнү Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы бир нече спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында майрамдык иш-чара уюштурулуп, анда кыргыз спортуна салым кошуп, өлкө желегин дүйнөгө желбиреткен балбандарга Тоголок Молдо айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы жана бир катар спортчуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Эркин күрөш боюнча машыктыруучу Алмаз Кайыповго, Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында 17 жашка чейин өспүрүмдөр арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 60 кг салмактагылар арасында дүйнө чемпиону болууга жетишкен Өмүрбек Асан уулуна, Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында эркин күрөш боюнча 23 жаштагы өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынып дүйнө чемпиону болууга жетишкен ак-талаалык балбан Абдумалик Карачевге, 2024-жылдын 7-июль күнү Таиландда өткөн 15 жашка чейинки өспүрүм кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болгон Токтосун кызы Аселге, көкбөрү боюнча улуттук курама команданын оюнчусу Дастан Руслан уулуна жана «Чүй» чек ара башкармалыгынын командиринин орун басары Өмүрсадык Бекмуратовго сыйлык тапшырылды.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен машыктыруучу Алмаз Кайыпов 10 миң сом, балбан Өмүрбек Асан уулу 100 миң сом, Абдумалик Карачев 75 миң, Асель Токтосун кызы 75 миң сом, Төлөгөн уулу Афтандил 30 миң сом менен сыйланса, Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюнунда жеңишке жетишкен эр эңишчи Жекшен Турдубеков 50 миң сом, Бердибек уулу Ислам 50 миң сом, Дастан Руслан уулу 50 миң сом, көк бөрүчүлөр Бакай Мирбек уулу 10 миң сом, Тобокел Жамгырчы уулу 10 миң сом жана Дөөлөтбек Нурманбетов 10 миң сом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️