Ак-Талаанын Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев кызматынан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев кызматынан бошотулду.

Маалым болгондой, ал айыл аймактарды ирилештирүүдөн соң 2023-жылы 25-апрель күнү Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Ушул жылдын 4-октябрь күнү Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин буйругу менен кызматтан бошотулган. Кызматтан эмне себептен бошотулгандыгы азырынча белгисиз.

Эске сала кетсек, айыл аймактарды ирилештирүүдөн улам Ак-Талаа районунда Ала-Буга, Кара-Бүргөн, Баетов жана Тоголок Молдо айыл өкмөттөрү түзүлгөн. Түзүлгөндөн бери Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы 2 жолу алмашып, учурда үчүнчү айыл өкмөт иштеп жатат. Кара-Бүргөн, Баетов айыл өкмөтүндө дагы экинчи айыл өкмөт башчылары иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️