Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Терек айылындагы сейил бактын айланасы 3 млн сомго жакын каражатка тосулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылындагы сейил бактын айланасын тосуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сейил бактын айланасын тосууга 3 млн 702 миң сомго 204 сомго тендер жарыяланып, тендерде 2 млн 952 миң сомго «Аза Универсал Компани» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Учурда 90 пайыздан ашык жумуш жасалып бүттү. Жалпы 752 метр тилке тосулат.

Каражат түрткү берүүчү гранттан бөлүндү.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Аза Универсал Компани» жоопкерчилиги чектелген коому 2013-жылдын 19-апрель күнү каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: Турак жай жана турак эмес жайларды куруу. Директору: Кадыракунов Самат Аскарович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE