Ак-Талаанын Кызыл-Белес айылындагы сугат суу сактагычы 9 млн сомго оңдолууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кызыл-Белес айылындагы сугат суусун жөнгө салуучу бассейн оңдолууда.

Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, союз мезгилинен ушул убакка чейин бир дагы жолу тазаланбай, ичи кум-шагылга толуп, пайдалануудан чыгып калган сугат суу сактагычын тазалоо иштери жүрүүдө.

Ишти ааткаруу үчүн райондук өнүктүрүү фондунан 8 млн 194 миң 512 сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 912 миң сом акча бөлүнгөн. Жалпы наркы 9 млн 106 миң 512 сомду түзүп, тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️