Ак-Талаанын Коңорчок айылынын тургундары бийик зоого жол салышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылынын жашоочулары Арпа жайлоосуна ашуу үчүн аска зоолорго жол салышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Арпа жайлоосуна кете турчу малчылар катуу жааган жамгырдан улам жайлоого ашып кете турчу ашуулар таш, шагылдарга бөгөлүп жана Жаман-Даван суусунда көлмө пайда болуп, жайлоого малдарын айдап кете албай жатышкандыгы, пайда болгон көлмөнү оор техникалардын жардамы менен дагы агыза албай коюшкандыгы маалым болгон.

Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Сатындиев көлмөнүн жанындагы жарга мал өтүүчү жол салынганын айтты.

«13-июль күнү Коңорчок айылынын жайыт комитети, малчылары менен биргеликте Жаман-Даван дарыясынын чордонундагы Чолок чөлкөмүндө пайда болгон көлдүн жээгиндеги жардан бери дегенде 200 метрден ашык аралыкка кол күчү менен малдар өтүүчү жол ачып келдик», — деди М.Сатындиев.

Ал эми Коңорчок айылынын тургуну Улан Нышанбаев Ак-Сай зоосуна жол салышкандыгын айтты.

Пример HTML-страницы

«Мурда Жаман-Даван дарыясы аркылуу мал айдап өтүп кетүүгө жол бар эле. Бирок өткөндө катуу жааган жамгырдан улам мурунку жолдор талкаланып, бөгөлүп калыптыр. Жаман-Даван дарыясында дагы көлмө пайда болуп, мал өтүүгө такыр болчудай эмес. Ал жерге өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн деле чакырышкан экен. Бирок эч кандай колдоо деле болгон жок. Биз айылдыктар кеңешип, өзүбүз тарапта Ак-Сайдын зоосу бар. Кыскасы, кадимки эле көк зоого жол салууну пландаштырганбыз. Айыл эли макул болуп, барчулар барып иштедик. Бара албай калгандар акча каражаттарын беришип, жалпы Коңорчок айыл элинин күчү менен жол салдык. Биз салган жол деле кооптуу эле жол. Эки жагы жалама аска, зоо. Ал жерден деле малды чубатып айдап өтпөсөң, малдар учуп кетиши дагы мүмкүн. Эми айла жок», — деди У.Нышанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️