Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында желим таштандылар үчүн урналар коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн айылында желим таштандылар үчүн урналар жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, донордук уюмдардын биринин колдоосу менен 6 даана урна жасалган.

«Айлана-чөйрөнү таза кармоо максатында бала бакчанын, мектептин, аялдаманын жана башка эл көп топтолгон жерлерге коюлду. Айылдын тазалыгын сактоо ар бир жарандын негизги милдети. Таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүгө жетишүү айылдын экологиясын коргоого, ал эми жашоочулардын ден соолугун сактоого жардам берет», — деди К.Русланов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️