Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында волейбол мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды(тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында муундар аралык спорттун волейбол түрү боюнча ири мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын тургуну Келдибек Соодонбековдун 70 жылдык мааракесине арналган волейбол мелдеши өткөрүлүп, ага айылдын жана Бишкектен келген спортчулар катышты.

2 күнгө созулган мелдеште кыз-келиндер ортосунда жана жигиттер ортосунда оюн жүрдү.

Мелдештин өзгөчөлүгү Кыргызстандын волейбол боюнча алдыңкы легионер оюнчулары келип, ар бир командага бирден легионер кошулуп ойноду. Мелдештин уюштуруучусу Алмаз Соодонбековдун айтымында, легионерлерди кошуп ойноонун негизги максаты — жаштарга дем берүү, үлгү алуу жана тажрыйба алмашуу экендиги маалым болду. Мелдештин жалпы байге фонду 250 миң сомду түздү.

Кыз-келиндер арасында:

Пример HTML-страницы

— 1-орун — 1987-жылкы кыздар камсыздап, кубок, медаль, диплом жана 20 миң сом;

— 2-орун — 2006-жылкы кыздар ээлеп, медаль, диплом жана 12 миң сом;

— 3-орун — «Жамал-Апа» бала бакча командасы жеңип, медаль, диплом жана 8 миң сом;

— 4-орун — «Тигүүчүлөр» командасы камсыздап, диплом жана 4 миң сом менен сыйланды.

Жигиттер арасында:

— 1-орун — 1990-жылкы жигиттер командасы камсыздап, кубок, медаль, диплом жана 50 миң сом;

— 2-орун — 2006-жылкы жигиттер командасы ээлеп, медаль, диплом жана 35 миң сом;

— 3-орун — 1987-жылкы жигиттер командасы багынтып, медаль, диплом жана 25 миң сом;

— 4-орун — 2000-жылкы жигиттер командасы жеңип диплом жана 10 миң сом менен сыйланды.

Мындан тышкары, мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга диплом, акчалай байгелер тапшырылса, ал эми волейбол боюнча Кыргызстандын легионер оюнчуларына улуттук баалуу баш кийимдер кийгизилип, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️