Ак-Талаанын эки айылында 90 жаштан өткөн карыяларга белектер тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата 90 жаш курактан өткөн кары адамдарга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, район боюнча 90 жаш курактан өткөн 30 улгайган адам бар. Бүгүн, 4-октябрда район акими Жумадилла Жапаров Баетов жана Терек айылдарындагы 90 жаштан өткөн улгайган адамдар менен учурашып, ден соолуктарын сурап жана белек берип кайтты.

Ал эми калган айылдардагы улгайган адамдарды эртең, 5-октябрда акимдин орун басарлары жеринен куттукташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️