Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында кайрымдуулук пункт ачылып, 1 тоннадан ашык кийимдер алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында кайрымдуулук пункт ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында, жергиликтүү жарандардын, демөөрчүлөрдүн, айыл өкмөттүн колдоосу менен кайрымдуулук пункт ачылган. Аталган кайрымдуулук пункт күн сайын саат 14:00-18:00гө чейин ачык болуп, муктаждарга керектүү кийим берилет жана жардам кабыл алынат.

«Пунктту ачуу үчүн демөөрчү издеп, ар кандай уюмдар менен байланыштык. Аялдар, балдар жана эркек кишилер үчүн кийимдер чогултулду. Бишкек шаарындагы “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунан 1 тонна кийим алып келдик. Айыл тургундары Талант Кариев, Чыңгыз Орозалиев, Исраил уулу Сабырбек, Рүстөм Нусупов, Нурбек Дөөлөтөв 8 миң сомго, Гүлмайрам Үчүгөнова 20 миң сомго, Алтынбек Итикулов 15 миң сомго жаңы кийимдерди сатып беришти. Ошондой эле Мамбеткалый Артыков 2000 сом, Солдатбек Абдраимов 1000 сом акчалай демөөрчүлүк кылышты. Ал эми айыл өкмөт кызматкерлери кийим илгич жана кайрымдуулук фондунан келген кийимдердин жол акысын төлөп беришти», — деди А.Медетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️