Ак-Талаанын Баетов айылындагы таштанды төгүүчү жайдын аянты кеңейтилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы таштанды төгүүчү жайдын аянты кеңейтилди.

Баетов айыл өкмөтүнүн алдындагы «Баетов таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Медер Асаналы уулунун айтымында, Кара-Чий чөлкөмүндө жайгашкан 1 гектар аянт таштанды төгүүчү жай толуп калгандыгына байланыштуу таштандылар көмүлүп, анын ордуна 2 гектар аянт таштанды төгүүчү жай курулду.

«Таштанды төгүүчү жайды курууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, ал каражатка кошумча керектүү курулуш материалдар алынып, 2 гектар жер тосулду. Таштанды төгүүчү жайдагы целлофан баштыктар сырткамучуп чыкпаш үчүн эки катар бийиктикте де тактап айтканда 4 метр бийиктикте тосулду. Тосуу иштерине 15 жумушчу ишке тартылып, жумушчулардын эмгек акысына эл аралык уюмдардин биринен ун жана май берилет», — деди Медер Асаналы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️