Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Ала-Буга дарыясындагы көпүрөсү кыйрап калды. Анын бир тилкеси гана пайдаланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ала-Буга дарыясынын чордонундагы чоң көпүрө кыйрап калуу коркунучуна кептелди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жылуу-Суу чөлкөмүнөн агып өткөн Ала-Буга дарыясындагы унаалар өтүүчү чоң көпүрө көп жылдардан бери таптакыр кароосуз калган.

Кара-Бүргөн айылынын тургуну Өркүнбек Мааданбеков көпүрө биротоло кулап каларын айтты.

«Ала-Буга дарыясынын чордонундагы чоң көпүрөгө эч ким көңүл бурбайт калды. «Көпүрө эмне болду, кантти экен?» деп бир дагы бийлик өкүлү басып келип, көрүп койгонго жарашкан жок. Көпүрө дал ортосунан сынып, эки башын суу жеп, бир гана унаа баткыдай тилкеси калды. Башка эч нерсе калган жок. Учурда суу көпүрөнү талкалап жаткан учуру. Быйыл көпүрөнү биротоло суу алып кетет», — деди Ө.Мааданбеков.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Жергиликтүү тургундар аталган көпүрө аркылуу 3 объекти менен байланыштыра алат. Биринчи объекти — жайыт. Аркы өйүзгө малчылар көчүп барып, жайлата малын жайып келсе болот.

Экинчиден, ал жакта туз кени бар. Кара туз кенин иштетсе, өлкөнүн экономикасына пайдасы тиймек.

Үчүнчүдөн, Жылуу-Суу эс алуучу жайы бар. Союз учурунда, союздан кийинки мезгилде дагы бул эс алуучу жайдан элдин аягы үзүлбөй, үзгүлтүксүз эс алууга келип турушчу. Андан кийин Жылуу-Сууга өтө турчу жолун биротоло суу жеп, эс алуу жайдагы имараттар талкаланып, тонолуп кеткен. Учурда бассейнден башка эч нерсеси деле калган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE